Түнү жер титирөөнүн очогоу Кытайда болуп, күчү 8 баллга жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын таасири Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин болду.
Зилзала Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Кажы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк -чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк -чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк- чыгышка чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
ӨКМ «жер титирөө кайталанат» деген жалган маалыматка ишенбөөгө чакырды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз