Айыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы аяктайтЖээнбек Кулубаев ЕККУнун башкы катчысы менен аскердик-саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматтыштыкты талкуулады
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен инспекторду Бишкекке алып келишти
18.08.2024 | 11:15
Ысык-Көлдө кызмат учурда унаа сүзүп кеткен автоинспекторду Бишкектеги ооруканага алып келишти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин 15-августта Чолпон-Атага чукул жерде жол кыймылын жөнгө салып жаткан автоинспектор Элистан Арзыбековду катуу келе жаткан жеңил унаа сүзүп кетип, ал комага түшүп калганы маалымдалган.
«Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен милициянын кайгуул кызматкери аман-эсен ИИМдин кызматкерлеринин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканасына алынып келинди», – деп билдиришти ИИМден.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар