Ысык-Көлдөн Бишкекке жолго чыккандарга ЖКККББнын эскертүүсү

21.07.2023 | 14:09

Дем алыш күндүн соңунда Ысык-Көлдөн Бишкекке келиш үчүн жолго эртерээк чыгыңыз. Анткени узун кезектеги жол тыгыны пайда болуу ыктымалдыгы бар, деп Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.

Ошол себептүү, кызматкерлер Бишкек—Чолпон-Ата унаа жолундагы жол тыгындарын талдап чыгып, бир канча эрежелерди эске алууну сунуштайт.

Алар:

– жолго эрет чыгуу, болбосо жол тыгынына туруп калышыңыз мүмкүн;

– Чырпыкты жана Балыкчы унаа жолдорунда жолдорду оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жана ошол жолдор бир багыттуу.

– Ысык-Көлгө  барчу бир гана жол болгондуктан ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпай, башкалардын жол кыймылына тоскоолдук жаратпоо;

– Балыкчы шаарына кире бериштеги айланма жолдо башаламан соода-сатыктар орун алгандыктан, так ошол жерге соода кылуу максатында унааңызды токтотуп, башкаларга да  тоскоолдук жана жол тыгындарын жаратпаңыз.

“Кызматкерлер дем алыш күндөрү айрыкча Бишкек—Ысык-Көл унаа жолдоруна күчөтүлгөн тартипте кошумча постторду орнотуу менен жол тыгындарын жөнгө салышат. Ошондой эле каттуу ылдамдыкта айдагандарга, мас абалында унаа башкаргандарга жана каршы тилкеге чыккандарга каттуу чаралар көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top