Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар 100%га көбөйөт

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар 100%га көбөйөт

2024-жылдын 1-январынан баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар жогорулайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамга ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуусу каралган. Башкача айтканда, жөлөкпулдун өлчөмү 100%га жогорулайт (1000 сомдон 2000 сомго чейин).

Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 16,1 миң сомду түзөт.

2023-жылдын алты айында 15,5 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алып, республикалык бюджеттен каржылоонун жалпы суммасы 249,8 млн. сомду түздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>