Кемпир-Абад иши. Сот 8 адамды тергөө абагында калтырды

Кемпир-Абад иши. Сот 8 адамды тергөө абагында калтырды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери камакта жаткан сегиз адам — Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов Бишкек шаардык сотунун чечими менен 19-августка чейин камакта калды. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын бөгөт чарасын кечээ, 20-июлда Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев карап, биринин да өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>