Үзүр Жусупбеков Олимпиадага лицензия алууга бир кадам жакындады

Үзүр Жусупбеков Олимпиадага лицензия алууга бир кадам жакындады

Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн беттешти улантат. Турнир Түркиянын Стамбул шаарында өтүүдө.

97 кг салмакта күрөшкөн Жусупбеков 9-майда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Алгач болгариялык Калоян Ивановду жеңип, экинчи кармашында финляндиялык Арви Саволайненге утулган. Бирок аны жеңген финляндиялык балбан финалга чыккандыктан, Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алган.

Бүгүн, 10-майда Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште хорватиялык Филип Сметко менен күч сынашып, аны 12:3 эсебинде утту.

Эми ал коло үчүн япониялык Юри Наказато менен күрөшөт. Эгер Жусупбеков япониялык спортчуну жеңип, үчүнчү орунду ээлесе, дагы бир коло уткан спортчу менен Олимпиаданын лицензиясы үчүн беттеш өткөрөт.

Ошондой эле 130 кг салмакта көңүл жубатуучу кармашка чыккан Роман Ким жеңилүү ызасын тартып калып, Олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Андан тышкары 87 салмакта бул мелдешке катышкан Азат Салидинов турнирдин биринчи күнүндө беттештерден четтеген.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 60 кг, Акжол Махмудов 77 кг жана Амантур Исмаилов 67 кг салмакта Олимпиадага жолдомо уткан.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналат. Бул мелдеште балбандарга Париждеги Олимп оюндарына лицензия алууга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>