Кабыргасы сынган, ийне жуткан, контузия. 3 айда 15 аскер ооруканага түшкөн

Кабыргасы сынган, ийне жуткан, контузия. 3 айда 15 аскер ооруканага түшкөн

2024-жылдын биринчи кварталында 15 аскер ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн.  Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Укук коргоо уюму Коргоо министрлигинин Аскердик госпиталында мониторинг жүргүзүштү.

Маалыматта ар кандай жаракат алган жоокерлердин 10у бир эле Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүнөн экендиги белгиленет.

Алардын кабыргалары сынган, буттары, колдору ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар алышкан. Эки жоокер ийне жутуп алгандыгына байланыштуу аскердик госпиталга түшкөн.

3 айда Аскер прокуратурасына жаракат алуу боюнча 16 арыз түшкөн.  9 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 6 факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган.

Аскер прокуратурасынын расмий жообуна ылайык, жоокерлер мындай жаракаттарды өздөрүнүн этиятсыздыгынан алганын айтышат. Бирок Акыйкатчы институту жоокерлер армиядагы зомбулук боюнча ачык айтуудан кооптонорун белгилеп, терең иликтөөнү талап кылат.

“Айрым жоокерлер катуу ур-токмокко кабылгандан кийин да, окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Ошондуктан, алардын укуктарынын камсыздалышы тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керек”, —  дейт институт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>