Армияда кызмат өтөгөн аскерлер арасында тукумсуздук жана бөйрөк оорусу көп кездешет

Армияда кызмат өтөгөн аскерлер арасында тукумсуздук жана бөйрөк оорусу көп кездешет

2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин Аскер госпиталына 607 жаран кайрылган, алардын 139у катардагы жоокерлер (21%). Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылы ооруканага жалпы 2160 аскер кызматкери түшкөн, анын ичинен 663ү жоокерлер (31%).

Акыйкатчы институту армияда бөйрөк жана эркектерди тукумсуздукка алып келүүчү варикоцеле күч алганын белгилейт.

2023-жылы 37 жоокерден бөйрөк оорусу аныкталса, 2024-жылдын биринчи кварталында эле 21 аскерден жогордогудай илдет ырасталган.

2023-жылы 87 аскерден варикоцеле оорусу табылса, жыл башынан бери 42 аскерден аныкталды.

“Мониторинг учурунда, аскерге чакырылган жоокерлердин аскердик госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби, медициналык комиссия учурунда аныкталбаган өнөкөт же башка оорулардын физикалык күч келүүсүнөн улам курчуп жатканы белгилүү болгон.”, — дейт Акыйкатчы.

Коргоо министрлигинин аскердик медициналык комиссиясында ультуразвук аппараты (УЗИ) жок болгондуктан, жоокерлердин ички органдарына текшерүү жүргүзүлбөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>