2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Zagreb Open мелдеши: Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калды
03.02.2023 | 16:13
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 3-февралда Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги (62 кг) биринчи кармашында кытайлык атаандашына жеңилип калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Айсулуу Тыныбекова таймашты квалификациялык раунддан баштап, кытайлык Сяоцзюан Луо менен күрөшкөн. Таймаш 4:10 эсебинде аяктаган.
Аталган мелдешке Айпери Медет кызы да (76 кг) катышууда. Ал килем үстүнө 4-февралда чыгат.
Хорватиянын борборунда өтүп жаткан мелдеш Zagreb Open 1-февралда башталган. Ал 5-февралда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт