«Кыйноолор болууда». Камактагы Айбек Бузурманкуловдун жубайы менен маек — видео

«Кыйноолор болууда». Камактагы Айбек Бузурманкуловдун жубайы менен маек — видео

Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов – Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири. Ал башка активист жана саясатчылар менен бирге массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө шектелүүдө. Алар үч айдан ашык убакыттан бери камакта отурат.

Reporter.kg Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонова менен жолдошунун камакка алынышы тууралуу маек курду.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>