Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда жаңы жылдык кечелер илдеттин дагы жайылуусуна шарт түзөт.

«Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө азырынча тыюу салабыз. Анткени биз жакшы билебиз: мындай корпоративдик кечелерде көп киши топтолот, адамдар жеңил кийинишет, сезондуу грипптин тезирээк жайылып кетишине түрткү болушат. Социалдык дистанция, бет кап режимдери таптакыр сакталбастыгы – белгилүү.
Ошондуктан мен так эле жооп берип коёюн – эч кандай жаңы жылдык кечелер бир да коллективде өткөрүлбөйт. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучусунун катышуусунда 20-ноябрда болуп өткөн штабда бардык мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга катуу тапшырмалар берилди», — деди Сурабалдиева.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>