2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Ысык-Көлдө кытай жараны изделүүдө
19.08.2022 | 15:59
Ысык-Көл облусунда Кытайдын жараны дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти, 22 жаштагы Сай Тун 24-июлда Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча келген эмес. Бул боюнча маалымат 18-августта облустук милициядан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу түшкөн.
Мындан улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБдин кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.
Учурда издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом