Элдик курултайга даярдык башталды

Элдик курултайга даярдык башталды

Бүгүн, 19-августта, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында Элдик курултайды уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, иш-чарага Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү – Президенттин Администрациясынын кызматкерлери, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында эл менен жолугушууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар аныкталып, Элдик курултайды уюштуруунун алкагында техникалык мүнөздөгү конкреттүү тапшырмалар берилди.

Сүйүнбек Касмамбетов Уюштуруу комитетинин негизги тапшырмасы Элдик курултайга делегаттарды көрсөтүү жана шайлоо процессинин таза жана ачык өтүшүн камсыз кылуу экенин белгиледи.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкекте өтөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>