Быйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылдыОоганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жеттиРоссия жана Кыргызстан соода жана инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти25-мартта Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» акциясы өтөт
Жакынкы Чыгыштагы согуш: Ислам дүйнөсү Дохада тынчтык боюнча сүйлөштү
15.09.2025 | 10:00

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катарда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин өзгөчө сессиясына катышты.
ТИМдин маалыматына ылайык, жыйында Катардагы акыркы окуялар жана Газа секторундагы абал талкууланды.
Тараптар Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотуу, аймакта туруктуу тынчтык орнотуу үчүн координацияны күчөтүү жана биргелешкен кадамдарды иштеп чыгуу маселелери боюнча пикир алмашышты.