Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Жалал-Абадда Түрк мамлекеттер уюмунун туризм боюнча форуму өтөт
15.09.2025 | 09:55

15–16-сентябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында «Туруктуу туризмди өнүктүрүү: ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тажрыйбасы» аттуу эл аралык туристтик форум өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти маалымдады.
Иш-чара Туризм департаменти, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана шаар мэриясы тарабынан уюштурулууда.
Форум катышуучуларга тажрыйба алмашууга, стратегиялык демилгелерди талкуулоого жана туруктуу туризм тармагындагы мыкты тажрыйбаларды көрсөтүүгө аянтча түзүп берет.
Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, туристтик компаниялар, туризм жаатындагы эксперттер жана туризм секторунун өкүлдөрү катыша алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом