Жалал-Абадда балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды

03.03.2024 | 16:26

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарында облустук балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

“Жалал-Абад облусунун калкынын саны 1 миллион 300 миң адамды түзсө, алардын 48 миң 786сын 14 жашка чейинки балдар түзөт, бул калктын 33,7%ын түзөт. Бул заманбап имарат жана медициналык жабдуулар балдар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чоң жардам берет деп ишенем”, – деди министр.

Балдар ооруканасынын курулушу «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, бардык керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылынган.

Маалымат үчүн: Балдар ооруканасынын курулушу 2022-жылы башталган. Жаңы имаратта 25 койкалуу хирургиялык бөлүм, 20 койкалуу травматология бөлүмү жана кыска мөөнөттүү стационардык бөлүм бар.

[image_carousel source=”media: 206748,206749,206750,206751,206752″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top