Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки тараптуу жолугушуу өттү
03.03.2024 | 18:40
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабаолдагандай, жолугушуу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Баткен шаарында өттү.
Анын алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар