Жалал-Абад облусунун беш тургуну «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тарты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, 50 жаштагы Ю.А.К., 48 жаштагы Ч.Х.Т., 47 жаштагы М.Р.И., 46 жаштагы К.М.М., жана 28 жаштагы П.С.А. аттуу жарандар экстремисттик идеологиядан баш тарткан.
«Бул адамдар мурда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, аталган идеологияны активдүү жайылтышкан. Алар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.
УКМК «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле, катарына жаңы шериктерди тартууну алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылып жатканын билдирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз