Мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулду
Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунда кар көчкү жүрдү
20.02.2023 | 10:18
Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жолдун 166-чакырымында 20-февралга караган түнү саат 02:00до кар көчкү түшкөн. Ал саат 3:15те тазаланып, жолдун бир тилкеси ачылган.
Болжол менен кар көчкүнүн көлөмү 4 миң м3 түзгөн.
Аталган жолдун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар күрткүсү байкалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом