Кыргызстанда бир вакансияга 18 адам талапкер болууда — headhunter.kg маалыматыБишкектеги концерттен кийин рэпер Navai Казакстан менен чек арада кармалдыАйрым аймактарда жаан жаайт: 15-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Чехия Бишкек — Прага түз аба каттамын ачуу маселесин талкууладыНарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөт
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Кореяга кетишти
20.02.2023 | 11:11
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен да баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен да таанышат.
Алсак, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом