Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев миңден ашык кишинин оозун ачырды
30.04.2022 | 14:06
Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев миңден ашык кишинин оозун ачырганын анын тарапташтарынын бири Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“ Жалал-Абад шаарында Камчыбек Ташиев тарабынан Орозо ооз ачар сый тамагы берилди. Ага аймактагы 1000ден ашуун тургундар чакырылып, сыйланды. Жергиликтүү дин кызматкерлери да катышып, өткөндөргө Куран окулду. Өлкө тынчтыгы, өнүгүп өсүүсү тиленди. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, чогулган мекендештерибизге өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саламын жеткирди”– деп жазды.
Телеграм каналга катталып, ыкчам маалымат алып туруңуз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат