61 жаштагы жаран Аксы районуна караштуу Уч-Коргон айыл аймагынын Кыз-Жар айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, издөөгө куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылды.
Издөө иштери Таш-Көмүр шаарында жүрүп жатат.