4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдө
Жалал-Абадда жаңы төрөт үйү курулат
15.01.2024 | 19:50
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, имарат 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы болот.
“Перинаталдык борборго бюджеттен 220 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы, чоңдор жана балдар үчүн бир–бирден өзүнчө реанимациялык блок болмокчу. Курулуш ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүтөт”, – деди Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар