Жалал-Абад шаарында жергиликтүү тургунга көчөдөн бычак сайган киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык милицияга 41 жаштагы эркек киши арыз менен кайрылып, 25-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринде көкүрөк тарабына мас абалындагы жигит ашкана бычагы менен сайып жибергендигин билдирген.
Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук оруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул окуя кылмыштарды бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну, 36 жаштагы А.А. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз