Көп кабаттуу үйлөрдү курууда стандарттарды бузгандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Көп кабаттуу үйлөрдү курууда стандарттарды бузгандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Бүгүн, 31-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев. Анын айтымында, мыйзам долбоору көп кабаттуу үйлөрдү, имараттарды жана курулмаларды курууда стандарттарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан. Алсак, сапатсыз курулуш үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, архитектуралык-техникалык көзөмөл жүргүзүүдө сейсмикалык туруктуулук нормаларын жана мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айып пулду жогорулатуу сунушталууда.

Талкууда депутат Тазабек Икрамов көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу шаар куруу жана курулуш нормаларын, эрежелерин бузуу менен көп катталып жатканын белгилеп, бул жаатта катуу көзөмөл жана көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Депутаттар Гүлшаркан Култаева менен Бактыбек Сыдыков эксплуатациялык ишенимдүүлүктү жана сейсмикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн имараттарды жана курулмаларды курууда аткарылуучу курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгилешип, мыйзам долбоорун колдошту.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Мындан тышкары, депутаттар “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” эки башка мыйзам долбоорлорун экинчи окууда жактырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>