Жалал-Абаддын тургунуна көчөдөн мас адам бычак менен кол салган

Жалал-Абаддын тургунуна көчөдөн мас адам бычак менен кол салган

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү тургунга көчөдөн бычак сайган киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык милицияга  41 жаштагы эркек киши арыз менен кайрылып, 25-октябрь күнү саат 22:00 чамасында  Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринде көкүрөк тарабына мас абалындагы жигит ашкана бычагы менен сайып жибергендигин билдирген.

Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук  оруканасынын жандандыруу  бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя кылмыштарды бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин  280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  ыкчам-иликтөө  иштеринин натыйжасында  кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну, 36 жаштагы А.А. кармалган. Учурда тергөө амалдары  жүрүүдө.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>