Жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды

10.03.2023 | 16:22

Жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө киргенден кийин айдоочулар тартипти сактап калганы байкалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 8-марттан тарта жаңы эрежелер кирген. Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузган айдоочулар кайра сынак тапшырат.

– унаанын номурун атайын жаап алса, же номеринин бирөөсү жок башкарса;

– инспектор автоунааны токтоткон учурда анын талабын аткарбай качып кетсе;

– каршы кыймыл тилкесине чыгып, озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу сыяктуу, адамдын ден соолугуна зыян, өмүрүнө коркунуч жараткан жол эрежесин бузган учурда;

– ошондой эле, алкоголдук ичимдик ичип, унаа башкарып кармалгандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

– статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган учурлар майрам күндөрү көп катталат.

2023-жылдын 8-март күнү Бишкек шаарында алкоголь ичип, унаа башкарып кармалган айдоочулардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу үч эсе азайган.

Бишкек шаары боюнча: 

– 2021-жылы  – 18 эреже бузуу катталган;
– 2022-жылы  – 20 эреже бузуу катталган;
– 2023-жылы  – 7 эреже бузуу катталды.

Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт, айып пул көбөйдү. Жаңы эрежелер

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top