Жалал-Абад: Милиция ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Жалал-Абад: Милиция ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Жалал-Абад облустук милициянын башчысы Жеӊишбек Абитов Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуп, базарларда, соода маркеттеринде ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жолугушуу учурунда Абитов жергиликтүү ишкерлерге көзөмөл-кассалык машинаны колдонуу зарылдыгын айтып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошууга чакырган.

«Ар бир жаран ишкердиктен түшкөн пайданы жашырбашы керектигин айтып, салыкты өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти. Мамлекеттин казынасына түшкөн акча каражаты максаттуу пайдаланылып, коопсуздук, эмгек акы, социалдык маселелерди чечүүдө колдонулуп келе жатканын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, ал милицияга байланыштуу кандай гана маселе болбосун жеринде чечүүгө аракет кыларын, жарандардын арыз-даттануулары милициянын көчмө кабылдама унаасында дагы кабыл алынарын айткан.

«Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жети багыттагы приоритеттүү тапшырмаларына токтолуп, аны ишке ашырууда милиция кызматкерлери талыкпастан эмгектене тургандыктарын белгиледи. Ошондой эле, жол эрежелерин так сактоого, адам өмүрү менен коштолгон кырсыктардын алдын алууга, спирт ичимдигин ичип унаа башкарбоого чакырды», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле, жолугушуу учурунда Базар-Коргон райондук милициянын башчсысы Ассрор Тантиев жарандарды кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, ысырапкерчиликтин алдын алууда биргелишип иштөөгө үндөгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>