Президент Жапаров Кыргызстанда ЖККУ машыгуулары өтөрүн билдирди

Президент Жапаров Кыргызстанда ЖККУ машыгуулары өтөрүн билдирди

Быйыл Кыргызстанда ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери, ошондой эле, уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болгон.

Жапаров белгилегендей, аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берет. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

«Белгилүү болгондой, куралдуу конфликттерде согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террористтер ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга биздин өлкөлөр да кабылып жатат. Буга байланыштуу мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат», — деди президент.

Буга байланыштуу Жапаров ЖККУнун ШКУ, КМШ, БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк өз ара аракеттерди өнүктүрүү зарылдыгын айткан.

«Кыргызстан ЖККУнун ролун жана авторитетин жогорулатууга кызыкдар. Уюмда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар», — деди ал.

Эскерте кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Былтыр 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга кол салып, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

Чек арадагы окуядан кийин ЖККУнун Балыкчыдагы 2022-жылдын 10-14-октябрына белгиленген машыгуулары өтпөй калган. Машыгуулар Тажикстанда өтүп, ага Кыргызстандын аскерлери барган эмес.

Анда коомчулук, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын аскерлеринин Кыргызстандагы машыгууларга келүүсүнө каршы чыгышкан.

Түлөбаев: Тажик аскерлери ЖККУ машыгуусуна бизге келбесин — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>