Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Жаранга бычак менен кол салууга шектелип 4 адам кармалды
02.04.2025 | 17:48
Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 31-мартта Чүй облусунун Новопавловка айылында жайгашкан “Халва” чайканасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү Н.у.Б. аттуу жаранга кол салышкан. Натыйжада жаран бычактан көп жараат алып, оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында, ИИМдин каттоосунда турган, бир нече жолу соттолгон А.у.Б., М.Н.М., Ч.у.Э. жана С.А.С. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар