Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалдыАӨБ Кыргызстанга экономиканы жеке сектордун эсебинен өнүктүрүүнү сунуштайтБишкекте 3 саатта туура эмес токтотулган 37 унаа аныкталып, айып короосуна киргизилдиЖаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук түйүн курулат2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумарына кандай ысым берилгени белгилүү болдуАӨБ Кыргызстандын 2026–2027-жылдарга карата экономикалык өнүгүү божомолун жарыялады
Жасалма шенген визасын даярдагандар аныкталды
01.06.2023 | 11:46
Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, чет элдик жарандарды Кыргызстан аркылуу Европага ташуу боюнча мыйзамсыз канал аныкталган. Бул топко киргендер жасалма шенген визасын даярдап, чет элдиктерди Кыргызстан аркылуу Европага турист иретинде жөнөтүп турушкан.
Учурда аталган каналдын негизги уюштуруучулары аныкталган. Ошондой эле, аталган топтун кылмыштуу аракеттеринен 40тан ашык чет элдик жаран жабыр тартканы белгилүү.
“Азыркы тапта мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз