Ысык-Көлдө туристтик сезонго карата милициянын даярдыгы текшерилди

Ысык-Көлдө туристтик сезонго карата милициянын даярдыгы текшерилди

Чолпон-Ата шаарында туристтик мезгилге карата милиция кызматкерлеринин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 1-июнь күнү Чолпон-Атадагы ат майданында милиция кызматерлеринин саптык кароо өткөрүлгөн. Ага, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, облус башчысы Илияз Иманбетов жана облустук милициянын башчысыи Орунбай Кочкоров катышкан.

Саптык кароо учурунда Акылбек Жапаров милиция кызматкерлери жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин алып барышы керектигин белгилеген.

«Бүгүнкү күнгө чейин 2 миллионго чукул туристтерди тосууга даярданып келсек, быйылкы жылы 10 миллионго жакын туристтердин келишин күтүп жатабыз. Туристтик артыкчылыкты мындан ары жогорулатып, тейлөөнүн баардык деңгээлин жакшыртып, өлкөбүзгө келген конокторго ыңгайлуу жагдайларды тартуулап, коопсуздугун сактоо — жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын башкы милдети экендигин билдирем», — деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, учурда ИИМ тарабынан өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, шаар-райондордо 3 миңге жакын видео-камералар, анын ичинде адамдын жүзүн тааный турган камералар орнотулган.

«Анын алкагында, коомдук жайларды, туристтик зоналарды күнү-түнү көзөмөлдөп, координация иштерин жүргүзгөн мониторинг борборлору азыркы учурда тынымсыз иштеп жатат. Аны менен бирге, жол эрежелерин бузууларды жеринде аныктоо үчүн автоураган унаалары иш алып барууда.  Ушуга окшогон дагы башка бир катар заманбап санарип-технологиялык каражаттарды колдонуп, элдин коопсуздугун сактоо ишке ашырылат. Кайсы гана эс алуучу болбосун, ээн-эркин жүрүшүнө бардык шарттар түзүлгөндүгүн билдирмекчимин», — деди ал.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү үчүн, Ички иштер министрлиги, президенттин аймактардагы өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары бир тартиптеги багыттуу иш-чараларды жүргүзүшү керктигин белгилеп, бир катар багыттар боюнча тапшырмаларды берген:

— Туристтик аймактарда жагымдуу шарттарды түзүп, орто жана чакан бизнестин коопсуз иштөөсүнө, экономикалык мүмкүнчүлүктү жогорулатуу боюнча ишкерлердин ортосундагы кызматтык байланыштарды чыңдап, чет өлкөлүк туристтерди жана инвесторлорду тартуу боюнча иш-чараларды алып баруу;

— Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жана туризм багытында иш алып барган баардык тармактар, ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша “атайын иш-мерчемдерди” түзүп, туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү үчүн, ар түрдүү күтүүсүз кырдаалдарга, оор кесепеттер менен коштолгон унаа кырсыктарына, кылмыштарга, укук бузууларга бөгөт коюу иштерин тынымсыз алып баруу;

— Туристтик-экологиялык милиция бөлүктөрү, милициянын көчмө кабылдамалары, жол коопсуздугун камсыздоо посттору жогорку тартипте иштеп, жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, профилактиканы тынымсыз жүргүзүү;

-Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү жооптуу болгон региондо экологиялык абалга өзгөчө көңүл буруп, туристтик аймактардын тазалыгын, шаар-райондордогу пансионат, эс алуу борборлору, лагерь, ден-соолукту чыңдоочу жайлардын жана эс алуучуларды кабыл алуу түйүндөрүнүн даярдыгына көңүл буруп, келип чыккан кемчиликтерди жеринде жоюу иштерин жүргүзүү;

-Ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорду колдоо, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, туризм багытын эл аралык деңгээлдеги жогорку потенциалга ээ кылуу даражасына жетүүгө карата аракеттерди көрүүгө басым жасалсын. Элди тейлеген бардык тармактардын жооптуу өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери өз-ара тыгыз байланышта иш алып барышсын.

Гарнизондук саптык кароодо айтылгандай, жайкы туристтик мезгил учурунда тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>