Жаза өтөөдөн качып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жаза өтөөдөн качып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында Бишкектен 1985-жылы туулган Ж.С. кармалды.

“1985-жылы туулган жаран Ж.С. Жалал-Абад облусунун тургуну болот. Ал 2016-жылы 172-берененин 2-бөлүмү (айдап качуу), 123-берененин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо) жана 170-берененин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) боюнча соттолуп, катуу режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан.  Бирок, 2019-жылдын июль айында Ысык-Ата райондук сотунун токтому боюнча жаран Ж.С. Ново-Пакровка айылында жайгашкан №3 мекемесинен 2 жыл6 айга мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө үчүн бошотулган.
Андан соң аны жашаган жери боюнча каттоого Чаткал району боюнча Пробация органына жөнөтүшкөн”, — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын январь айында Чүй облустук сотунун аныктоосу менен биринчи инстанциядагы соттун мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө боюнча токтому жокко чыгарылганы кабарланат.

Ошондой эле, ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча жаран Ж.С. жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн. Аны Бишкек шаарынын аймагынан кармашып, Жазаларды аткаруу малекеттик кызматына жеткирилген. Маалыматка ылайык, Ж.С. ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>