Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү белгиленди

12.08.2025 | 15:24

Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин жана ардагерлеринин күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Кызматтын төрагасы Чыңгыз Кожошев өздүк курамды жана ардагерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын антына берилгендигин, жогорку кесипкөйлүгүн жана өлкөдөгү мыйзамдуулукту, тартипти камсыздоого кошкон чоң салымын белгиледи.

Ал жаза аткаруу кызматкерлери мыйзамдуулукту сактоо, мекемелерде коопсуздукту камсыз кылуу, соттолгондорду оңдоп-түзөө жана социалдаштыруу сыяктуу татаал жана жооптуу милдеттерди аткараарын, бул кызмат кайраттуулук менен чыдамкайлыкты талап кыларын баса белгиледи.

“Майрамдын урматына өзгөчөлөнгөн кызматкерлер ведомстволук медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты”,-деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top