Жаш активист Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын кароо үчүн сот залына алынып келди. Аны колдоо үчүн Биринчи май райондук сотуна саясатчылар, активисттер жана Жекшеналиевдин туугандары келген.
Жекшеналиевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча эски видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча иш козголгон. Жаш активист ага коюлган күнөөнү моюнуна албай турганын жана ал саясий себеп менен ачылганын айтууда.