Эртең жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу аяктайт

Эртең жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу аяктайт

Абитуриенттер жогорку окуу жайларына тапшыруу сынагына катышуу үчүн 2022-жылдын 17-августту саат 14:00гө чейин V турга өтүнмө бере алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, ар бир турда бир бюджеттик окууга жана бир келишимдик окууга өтүнмө берүүгө болот. Арыздарды бир университетке же эки башка окуу жайга тапшырууга мүмкүн.

ЖОЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, тизмеден https://2020.edu.gov.kg/universities жогорку окуу жайды тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин бюджеттик жана келишимдик негизде окууга орундардын саны, жылдык окуу акысынын өлчөмү, ЖРТнын жыйынтыгы же предметтик тесттердин зарылдыгы жөнүндө маалымат алууга болот.

Аймактардагы абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>