Жерүй алтын кенине 600 млн доллар инвестиция салынды

Жерүй алтын кенине 600 млн доллар инвестиция салынды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 19-20-21-июнь күндөрү тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөрүүдө, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, иш-чарага комитеттин мүчөлөрү, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Энергетика министрлигинин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин жана тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү катышууда.

Сапардын биринчи күнүндө эл өкүлдөрү Жерүй алтын кенине барышты. Кен Талас районунун аймагында Чоң-Чычкан дарыясынын жогорку агымында Үчкошкой суусунун сол куймасы, кырка тоолордун түндүк капталдарынын ортоңку Талас Алатаусунун бөлүгүндө 3200-3700 метр бийиктикте жайгашкан. Жакынкы Кара-Ой айылы 23 км алыстыкта жайгашкан жана кенге жакшыртылган кара жол менен туташтырылган. Жерүйдөгү алтындын баланстык запасы С1+С2 категориясы боюнча 12376,6 миң тонна руда жана 81428 кг алтын өлчөмүндө белгиленген.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө Жерүй кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин Жерүй аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ. «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коом «Восток-геолдобыча» ачык акционердик коому тарабынан уюмдаштырылган.

Жерүйдү иштетүү үчүн Талас алтын кен комбинаты курулган. 2015-жылы Жерүйдө геологиялык, топогеодезиялык, инженердик-экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле кенди иштетүүнүн технологиялык регламентин кайра иштеп чыгуу башталган. Ал эми 2017-жылдын апрель айында Жерүй кенинде жолдор жана инфраструктура курулушу башталып, 2019-жылдын ноябрында Жерүйдө кен казуу иштери башталган. 2020-жылдын март айында алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика жана калдык сактоочу жайы ишке киргизилген.

Талас алтын кен комбинатын ишке киргизүү учуруна Жерүйгө жумшалган инвестиция (2015-жылдын июнь – 2020-жылдын март айы) 410 млн долларды түздү. Жерүй долбооруна инвестициянын жалпы көлөмү (анын ичинде ачык жана жер астындагы тоо-кен иштерин, кайра иштетүү комплексин техникалык жабдууну кошкондо) 600 миллион долларга бааланат.

Кенге болгон иш сапарынын жүрүшүндө депутаттарга алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын иши көрсөтүлүп, алтынды алуу технологиясы менен таанышты. Өз кезегинде эл өкүлдөрү тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялар тарабынан экологиялык жана салык мыйзамдарын сактоо жана ишти эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүү керектигин белгилешти, ошондой эле өндүрүштүк коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, кадр саясаты тууралу да сөз болуп, ишканалардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү, ошондой эле жергиликтүү калк менен иштиктүү өз ара аракеттенүү зарылдыгы белгиленди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>