Жети-Өгүздө тоодон үч топоз атылып, уурдалган. Шектүүлөр милициядан качууга аракет кылышкан

29.10.2025 | 13:59

Жети-Өгүз районунун тоолорунда укук коргоо кызматкерлери топоз уурдоого шектелген беш адамды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

24-октябрда Жети-Өгүз райондук ИИБге белгисиз адамдар райондун сырт жайлоосунда топоздорду уурдап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат каттоо журналына киргизилип, териштирүү иштери башталган.

Эртеси күнү Барскоон айылынын тургуну (аял) милицияга кайрылып, мурунку күнү саат 12:30 чамасында «Каз уя» жайлоосунда белгисиз беш адам анын үч топозун атып, этин алып кетишкенин билдирген. Жаран аларга тоскоолдук кылууга аракет кылганда, алар окуя болгон жерден качып кетишкен. Келтирилген зыяндын өлчөмү 600 миң сомду түзгөн.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшүшкөн. Кумтөр – Барскоон унаа жолундагы Сары-Мойнок постунун жанында алар милициянын токто деген талабына баш ийбей, качууга аракет кылышкан. Натыйжада төмөнкү жарандар кармалган:
— 36 жаштагы Ч.К., Барскоон айылынын тургуну;
— 38 жаштагы Е.Д., Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну;
— 20 жаштагы И.И., Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну;
— 32 жаштагы А.С., Каракол шаарынын тургуну;
— 21 жаштагы С.С., Кызыл-Суу айылынын тургуну.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен иш козголгон. Кармалгандар сурак учурунда кылмышын толук мойнуна алышкан. Соттун чечими менен алардын баары камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top