БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Тармактык комитет баатыр энелердин жөлөк пулун көбөйтүүнү колдоду
19.02.2024 | 23:10
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Баатыр энерлер үчүн ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө» токтом долбоору каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечи депутат Камила Талиева белгилегендей, токтом долбоор Баш мыйзамдын ченемдерин жана “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесин эске алуу менен баатыр энелердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоордо баатыр энелерге ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн 2-3 эсеге көбөйтүү сунушталууда. Азыр жөлөк пулдун суммасы 1000 сом, ал пенсияга кошулуп берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар