Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды
ЖК комитети Ысык-Көлдө скутер тебүүгө тыюу салууну колдоду
17.09.2024 | 11:26
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Ысык-Көлдө гидроцикл (скутер) тебүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Мыйзам долбоорун демилгечилеринин бири депутат Элдар Сулаймановдун айтымында, акыркы жылдары Ысык-Көлдө гидроциклдин катышуусу менен болгон кырсыктар көп катталып, анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Андан тышкары скутердин майы агып кетип, экологияга зыян тийгизүүдө. Ага байланыштуу Ысык-Көлдө гидроцикл тебүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Талкуудан кийин комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом