Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
ЖК Ысык-Көлдө гидроцикл тебүүгө тыюу салынууну биринчи окууда колдоду
24.10.2024 | 16:05
Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдө гидроцикл (скутер) тебүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоору депутаттар Элдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков (мандатын тапшырган), Бактыбек Сыдыков жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген.
Депутат Элдар Сулаймановдун айтымында, акыркы жылдары Ысык-Көлдө гидроциклдин катышуусу менен болгон кырсыктар көп катталып, анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Андан тышкары скутерден чыккан май, түтүн Ысык-Көлдү булгап жатат. Ага байланыштуу Ысык-Көлдө гидроцикл тебүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом