Жогорку Сот экс-депутат Музаффар Исаковдун өкүмүн жокко чыгарды

Жогорку Сот экс-депутат Музаффар Исаковдун өкүмүн жокко чыгарды

Жогорку Сот парламенттин мурдагы депутаты Музаффар Исаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Иш кайра кароого Сузак райондук сотуна жөнөтүлдү.

Исаковго кылмыш иши 2017-жылы козголгон.

2010-жылдан 2015-жылга чейин ошол кездеги Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган Исаков айыл чарба жерлерин курулуш үчүн мыйзамсыз өткөрүп бергендиги маалым болгон.

Жалал-Абад облустук соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, экс-депутатты үй-мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыраткандан кийин, райондук сот Исаковду 7 жылга шарттуу кескен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>