Бишкектеги психиатрия борборунда бейтаптар коридордо дагы жатышат

Бишкектеги психиатрия борборунда бейтаптар коридордо дагы жатышат

Психиатрия жана наркология республикалык борборунда  орундар жетишпей, бейтаптар коридордо дагы жатышат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору билдирди.

655 орунга ылайыкташкан борбордо 15 бейтап ашыкча кабыл алынган.

Оорукананын керебеттери жана төшөктөрү эски. Бейтаптарга жалаң гана кир самын берилет. Аларга таза аба чыгып, сейилдөөгө тыюу салынган.

Улуттук борбордун маалыматында, бейтаптардын тамактануусуна күнүнө болгону 92 сом бөлүнөт.

Республикалык борбордун психитария бөлүмү 445 орундан турат, анын 40ы — балдар бөлүмү. Наркология бөлүмүндө — 210 керебет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>