«Балдарыңдын келечегин ойло». Баткенде тургундан 15 миң доллар опузалоого шектүүлөр кармалды

«Балдарыңдын келечегин ойло». Баткенде тургундан 15 миң доллар опузалоого шектүүлөр кармалды

Баткенде тургундан 15 миң доллар опузалоого шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Милициянын маалыматы боюнча, Лейлекте төрт адам 2022-жылдан бери 41 жаштагы тургундан акча опузалап келген. Кылмышкерлер тургунду «балдарыңдын келечегин ойло, аларды көрбөй калышың мүмкүн, өзүң дагы майып болуп калба» деп коркутуп, 15 миң доллар талап кылышкан. Мындан улам аталган тургун күйөө баласынын айдап жүргөн «Мерседес-Бенц-Спринтер» унаасын 1 млн сомго карызга алып, акча опузалагандарга өткөрүп берген. Андан кийин ал милицияга арыз жазган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши ачылган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 40 жаштагы Ж.У., 33 жаштагы Б.Б. жана 46 жаштагы Ш.Ө. аттуу жарандар кармалды. Дагы бир шектүү Г.М. издөөгө алынды.

Кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>