УКМК «Шрек» аттуу баңгитөбөлдү кармады (виедо)

УКМК «Шрек» аттуу баңгитөбөлдү кармады (виедо)

Ош облусунда эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган М.Я. аттуу өлкө жараны кылмыштуу чөйрөдө «Шрек» каймана аты менен белгилүү. Ал коңшу баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган деп шектелүүдө.

Атайын кызмат аны 29-апрелде Ош шаарынан колго түшүргөн. Анын жанынан 1 кг «нашаа» табылып алынган. УКМК билдиргендей, шектүү — Ош облусундагы башкы баңгитөбөлдөрдүн бири, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт. Ал өз ишин уюшкан кылмыштуу топтордун лидерилеринин колдоосу менен жүргүзүп келген. Ошондой эле ал өзү да ИИМде уюшкан кылмыштуу баңги тобунун лидери катары каттоодо турат. Буга чейин ал Россияда баңгизат сатып, сактаганы үчүн кылмыш жообуна тартылган.

Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

УКМК шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0312 660 475, 0312 626 504, 03222 70009 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>