Жогорку сот Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаевге козголгон кылмыш ишти токтотту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Самаев 2023-жылы 17-апрелде УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат Урмат Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экенин, ал схема боюнча жер тамда жашаган тургундар борбордук жылуулук түйүндөрүнө мыйзамсыз кошулганын, андан түшкөн акчанын бир бөлүгүн ал алып турганын кабарлаган.
Самаев 10 күндөн ашыгыраак тергөө абагында отуруп, үй камагына чыгарылган. Анда жергиликтүү ММКлар Самаев мамлекеттин эсебине 25 млн сом төккөнүн жазган.
Анын иши Токмоктун сотунда каралып, 2024-жылы 9-февралда Самаев 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча акталган. Бирок 337-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1 млн сом айып салынган.
Июлда Чүйдүн соту Самаевге чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Бирок быйыл 13-январда Жогорку сот буга чейинки эки инстанциянын өкүмдөрүн өзгөртүп, Самаевдин иш-аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгон деп «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча ишти токтоткон. Ага реабилитация болууга укук берилген. 210-берене боюнча өкүм (актоо чечими) өзгөртүүсүз калтырылган.