Токмоктун мэри Урмат Самаев үй камагына чыкты

Токмоктун мэри Урмат Самаев үй камагына чыкты

Коррупциялык иш боюнча шектүү катары кармалган Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Самаевди камактын чыгаруу тууралуу чечимди Октябрь райондук соту 29-апрелде кабыл алган. Сотко мындай өтүнүч прокуратура тарабынан келип түшкөн.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, Самаев мамлекеттин эсебине 25 млн сом төккөн. Аны менен бирге кызматын тапшыра турган болгон.

Эскерте кетсек, Урмат Самаев 17-апрелде УКМК тарабынан кармалган. Анын кармалышы «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупциялык схемага байланыштуу болгону кабарланган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

19-апрелде Самаев 1-июнга чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>