Токмоктун мэри Самаевдин кармалышынын чоо-жайы

Токмоктун мэри Самаевдин кармалышынын чоо-жайы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалышы боюнча маалымат берди.

Белгилүү болгондой, Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталган.

«Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча. Андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган», — деп билдирет УКМК.

17-апрелде ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Буга чейин Reporter.kg’ге өздүк булактар Токмоктун мэри Урмат Самаев кармалганын билдирген.

Ошондой эле, 14-апрелде «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталганын УКМК маалымдаган.

УКМК Токмоктун мэри Урмат Самаевди кармады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>