Балыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталдыБилим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФ SMART ED долбоору боюнча билим берүүнү өнүктүрүү планын бекитиштиОштун Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулат
Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында финалга чыкты
10.04.2023 | 13:56
Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.
Турнир учурда Астанада өтүп жатат.
Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Кыргызстандык балбан 1/4 финалдан баштап, алгач Индиянын спортчусун 53 секундда жеңип алды. Жарым финалда Шаршенбеков Япониядан келген балбандан күчтүү болду.
Финалда Шаршенбеков Түштүк Кореядан келген спортчу менен беттешет.
Буга чейин Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп, чемпион болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт