Ишкерлерди мыйзамсыз кармагандарды жазалоо сунушталды

Ишкерлерди мыйзамсыз кармагандарды жазалоо сунушталды

Бизнес-акыйкатчы «Ишкердик субъекттерине карата укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан ашыкча же негизсиз кысым көрсөтүү тобокелдиктерин жаратуучу укуктук факторлор» деген темада системалуу баяндамасын жарыялады.

Документке ылайык, Кыргызстанда чиновниктердин жана башка адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам ишкерлерге кылмыш иши козголушу мүмкүн болгон көйгөй бар. Ошол эле учурда мындай тобокелдиктер биринчи кезекте ири салык төлөөчү ишкерлерге тиешелүү.

«Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренесин төмөнкүдөй бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:

«Ишкерге пайда алуу, мүлк алуу максатында кысым көрсөтүү максатында билип туруп мыйзамсыз кармоо — эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат», — деп айтылат докладда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>